• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ошто Porter унаасы дарыяга кулады. 4 жашар кызды издөө иштери уланууда

28 Кулжа 2021 9:23 Бишкек Govori.TV

Оштун Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына кулап кеткен Porter унаасынын ичиндеги эки аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Хёндай Портер унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, Тар дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинде 5 адам болгон. Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар 1980-жылы туулган Ж.Т. (айдоочу) жана 2008-жылы туулган А.К. аттуу кызды куткарып калган. Кийин 1984-жылы туулган М.Г. жана 1993-жылы туулган М.Э. аттуу аял кишилердин жансыз денелери табылган.

«Учурда 2017-жылы туулган А.Ф. аттуу кыз дайынсыз болууда. Бүгүн издөө иш-чараларын улантуу үчүн 19 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылып, саат 17:00дө издөө иш-чаралары убактылуу токтотулду. Издөө иштери бүгүн дагы улантылат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 319