• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто шеригин бычактаган жаран кармалды

15 Баш оона 2022 13:00 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында шеригин бычактаган жаран изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-августта 23:30 чамасында Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 1964-жылы туулган И.К. оор абалда жеткирилип, ооруканага барганда каза болуп калган. Маркумду кароо учурунда анын сол көкүрөгүндө миздүү буюмдан алган жараты жана кан көп кеткендиги аныкталган.

Кылмыштын бетин ачуу максатында Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, натыйжада 14-августта эртеӊ менен кылмышка шектүү катары маркумдун таанышы 1961-жылы туулган Ө.А. кармалды.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүү менен маркум мурда тааныш болушкан, 12-август күнү Ош шаарындагы бильярд клубундардын биринде жолугушуп, ичимдик ичип отурушкан. Кийин клубдан чыгып, шектүүнүн үйүнө барышып дагы ичишкен. Андан соӊ көчөгө чыгышып, өз ара мушташа кетишкен. Натыйжада шектүү Ө.А. унаасынан бычак алып чыгып, маркумдун сол жак көкүрөгүнө сайып жиберген.

Шектүү маркум И.К. мас абалда аны ура баштагандыктан кармана албай, машинасынан бычак алып чыгып, сайып жибергендигин билдирген.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды, шектүү Ө.А.нын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин («Адам өлтүрүү») ылайык кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 456