• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ошто өспүрүм эжесинин өлүмүнө шектелүүдө

21 Аяк оона 2021 15:45 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда өспүрүм эжесинин өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Көк-Арт айылынын тургуну 27 жаштагы Б. кызы Б. ошол эле айылга караштуу Бото-Мойнок жайлоосунда мал сарайда асынып каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 136-берененин («Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү») 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө маркум киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган. Белгилүү болгондой, маркумдун денесин кылдат текшерүү максатында дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган факт КР жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмүнө («Адам өлтүрүү») алмаштырылган.

Жогорудагы факт боюнча райондук милиция кызматкерлеринин иш-аракеттеринин натыйжасында шектүү катары Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын тургуну 16 жаштагы К.И., кармалып, 2021-жылдын 11-сентябрында Кара-Кулжа РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү маркумду муунтуп өлтүрүп, кылмыштуу аракетин жашыруу максатында жансыз денени өзү асынып алгандай кылып асып койгондугу белгилүү болгон. Кылмышка шектүү менен маркум атасы башка энеси бир бир туугандар болгон, сөз талашып уруша кетип аягы ушундай өкүнүч менен аяктаган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү 2 айга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 418