• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ошто студенттерди алдап кеткен жаран кармалды

20 Бугу 2022 10:53 Бишкек Govori.TV

Ошто студенттердин экзамендерин бүтүрүп берүүнү убадалоо менен 60 миң сомдон ашык акча алып, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жарандын үстүнөн медициналык колледждин 23 студентинен арыз түшкөн. Арызда ушул окуу жайдын «А» аттуу студентине 1 700 сомдон 3 800 сомго чейин акча каражаттарын «сессияда экзамен-модульдарыӊарды бүтүрүп берем» дегени үчүн беришкени жазылган. Жалпы келтирилген чыгым 60 миӊден ашкан.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган жарандын аталган окуу жайдын студенти, 2001-жылы туулган А.Н. экендиги аныкталган. Учурда жарандын үстүнөн алдамчылык беренеси боюнча тергөө иштери башталды»,-деп айтылат маалыматта.

Ал эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулган.

Количество просмотров: 298