• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ошто турак үйдүн ичинде дубал урап, бир жаран каза болду

5 Чын куран 2022 13:28 Бишкек Govori.TV

Ошто турак үйдүн ичинде дубал урап, бир жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бүгүн Ош шаарынын Касымов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн ээси эшигин ачпай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине КР ӨКМнин Ош шаардык «Куткаруу кызматынын» 4 куткаруучусу тартылган.

Куткаруучулар турак үйдүн эшигин ачкан кезде, үйдүн ички дубалы уурап түшүп 75 жаштагы Б.А. аттуу эркек кишини басып калгандыгы аныкталган.

Каза болгон жарандын жансыз денесин чыгарып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 159