• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Ошто УКТ мүчөсүн өлтүрүүгө шектелген 2 жаран Чүйдөн кармалды

14 Үчтүн айы 202317:01 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелген 2 жаран Чүй облусунун аймагынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-январда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагында чек арадан өтүүгө аракеттенип жаткан жеринен издөөдө жүргөн К. у. Э. жана Р. у. А. кармалды.

Милициядан белгилешкендей, азыркы учурда өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза тапса, экинчиси ооруканага түшкөн. Кечээ, 13-январда аталган кылмышты уюштурду делип кримтөбөл “Женго” кармалып, анын шериктери, кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар үч жаранга издөө жарыяланган.

Количество просмотров: 1268