• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ошто Улуттук драма театр оңдолууда

14 Тогуздун айы 2019 13:01 Бишкек Govori.TV

Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Белгилүү болгондой, ремонт иштеринин жүрүшү менен министр Азамат Жаманкулов Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында таанышып чыккан.

Театрдын жалпы 30 иш бөлмөсү оңдоло тургандыгы кабарланды.

Учурда республикалык бюджеттен акча каражат каралып, театрларды этабы менен оңдоо иш аракеттери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында, Т. Абдымомунов атындыгы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында ремонт иштери жүрүүдө. Буга чейин Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында ремонт иштери аяктаган, — деп билдиришти ведомстводон.

Кошумчалай кетсек, С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрына республикалык бюджеттен 16 млн. сом бөлүнгөн.

Количество просмотров: 75