Ош шаарынын Ж.Раимбеков көчөсүндө сатылып жаткан ун талашка түштү. Бүгүн, 19-мартта ал жакта жүздөгөн адамдар кезек талашып, кээ бирлери урушуп дагы жатышат. Учурда милиция кызматкерлери абалды көзөмөлгө алып жатканын TURMUSH басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Ош шаарында ун 4 жерде сатылып жатат. Базарда ун алууга кезекке тургандардын саны 500дөн ашты. Ун сатып алуучулардын басымдуу бөлүгү Ош облусунун райондорунан келишкен.
Учурда “Тулпар” ун комбинатында 1 кап ун 1350 сомдон сатылууда. Ош шаарынын борбордук базарына да 30 тонна ун жеткирилген.
Бүгүн, 19-марттан тарта “Тулпар” ун комбинатынан тышкары Ош шаарынын Фуркат айылында, Кулатов кичи районунда жана борбордук базарда ун сатуучу жайлар иштеди.
Кечээ, 18-мартта Ош шаарындагы «Тулпар» ун комбинатына Казакстандан 140 тонна ун, 350 тонна буудай алынып келди.
Ош шаарына Казакстандан жалпы 1000 тонна буудай алынып келет. Кечээ анын 350 тоннасы алынып келген. Жакынкы күндөрү 160 тонна ун, 650 тонна буудай күтүлүп жатат