• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ошто уурдалган жылкы менен сүрөткө түшкөн жигит кармалды

6 Бештин айы 2019 14:35 Бишкек Govori.TV

Өзгөн районунда мал уурулук менен алектенип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу «Турмуш» сайты жазды.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрда Өзгөн РИИБге Ийрек айылынын 1954-жылы туулган тургуну Т.А. арыз менен кайрылып, ушул күнү саат 09:30 чамасында Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагынын Прогресс айылында жайгашкан мал базардан кара түстөгү жылкысын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Анын кесепетинен Т.А. 80 миң сомдук өлчөмдөгү материалдык зыянга учураган.

Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан бул уурулукка шектүү катары аталган райондун 1983-жылы туулган тургуну О.у.Б. кармалган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши тергелип жатат.

«Анын мындан башка кылмыштарга катышы бар же жогу такталууда. Бул жаран мурда эки ирет мал уурулук менен соттолгону белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.

Айрым маалыматтарга караганда, шектүү кылыгын билгизбөө үчүн уурдалган жылкы менен сүрөткө түшүп, элге өзүн сатып алуучу кылып көрсөткөн.

Количество просмотров: 1386