Кечээ Ошто өз жанын кыюуга аракет кылган судья тууралуу маалымат чыккан. Бүгүнкү күндө ал судьянын абалы орто. Бул тууралуу облустук оорукананын жетекчиси Атабек Жумалиев билдирди.
Анын айтымына караганда, судья реанимациядан кан-тамырлар хирургиясы бөлүмүнө чыгарылган. Бейтап 30-сентябрь күнү кечинде абалы турукташкандан кийин бөлүмгө которулган.
Бул окуя боюнча шаардык милиция бөлүмү күбөлөр суралып, териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын кабарлады.
Эске салсак, 30-сентябрдын кечинде жергиликтүү басылмалар өздүк булактарына таянып, Ошто судья кан тамырын кесип, ооруканага түшкөнүн жазып чыгышкан. Бейтап ооруканага эрте менен саат сегиздер чамасында жеткирилип, ага дароо операция жасалып, реанимация бөлүмүнө жаткырылган.