• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Ошто жер титиреди

6 Теке 20249:52 Бишкек Govori.TV

Ошто жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-июлда саат 19:17де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Чоң-Алай районунун Шибээ, Жар-Башы, Кушчу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөнүн очогу Жар-Башы айылынан 12 чакырым түштүк-батышта, Баткен шаарынан 133 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 138