• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ошто жер титиреди

4 Бугу 202012:38 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун аймагында күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-май күнү саат 20:42де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Шибээ айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Количество просмотров: 150