Ош облусунун Ноокат районунда жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 28-майда саат 17:50дө Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагында Ноокат-Папан унаа жолунда катталган. «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, бакты сүзгөн.
Натыйжада 63 жаштагы киши каза болгон. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкени айтылат.