Ош облусунун Кара-Суу шаарында «Мерседес Бенс” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, кырсыктын кесепетинен аял киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык 12-мартта Кара-Суу шаарындагы Владимир Ленин көчөсүндө катталган. Анда 1 аял киши каза болуп, 1 эркек адам жабыркаган.
«Жерине 5 куткаруучу барып, каза болгон аялдын жансыз денесин Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган адам «Тез жардам» кызматы менен ооруканага жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.