15-октябрда Ош шаарындагы мейманкананын алдына 5 айлык баланы таштап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.
Белгилүү болгондой, келин 5 айлык баласын жолдошуна өчөшүп таштап кеткен. Мейманкананын кызматкерлери баланы кечки саат 8:45 чамасында эшиктин алдынан табышкандыгын айтышты.
Учурда баланын энеси табылып, бала апасы менен бирге экенин билдирди.
Наристенин энеси Кара-Кулжа районунун 1986-жылы туулган тургуну П.Г, ал эми бала 2019-жылы май айында төрөлгөн Т.Р. экени айтылууда.