• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Оштогу Ак-Бууранын боюнан 20-25 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылган

30 Кулжа 2022 11:26 Бишкек Govori.TV

28-июнь күнү Ош шаарынын Курманжан-Датка кичи районунун аймагынан, Ак-Буура дарыясынын боюнан белгисиз 20-25 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылган. бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлады.


Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ал аялдын өздүгү аныкталды. Ал Баткен облусунун Баткен районунун тургуну экендиги, Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин 2-курсунун студенти Ш. к А. экенди такталды.


«Учурда маркумдун өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча атайын экспертиза дайындалды, ар тараптуу иликтөө иштери бир нече версия боюнча жүрүп жатат. Бул багытта аткарылган иштер тууралуу кийинчерээк кошумча маалыматтар берилет»,-дейт мекемеден.

Количество просмотров: 64