Дайынсыз жоголгон Сауд арабиялык журналист Жамал Хашоггинин жансыз денеси Стамбулдагы башкы консулдуктун аймагындагы кудуктан табылды. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Стамбулдун укук коргоо органдарында иштеген ишенимдүү булактар Хашоггинин денеси резиденциянын бакчасындагы кудуктан табылгандыгын досуна билдиришкен.
Эске салсак, буга чейин араб журналисти Жамал Хашогги Түркиянын Стамбул шаарындагы Сауд Арабиянын башкы консулдугунун имаратына кирип, ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Көп убакыт өтпөй түркиялык басылмалар журналист имараттын ичинде Сауд Арабиядан учуп келген атайын кызматта иштеген 15 адам тарабынан өлтүрүлгөнүн жазышкан.