• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Оштогу рейдде «Дженго» кармалып түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (видео)

29 Үчтүн айы 2020 13:54 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтордун иш-аракетине бөгөт коюу үчүн рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, иш-чара «Бандит» деп аталып, 23-25-декабрь күндөрү уюштурулду. Рейдге Криминалдык милиция кызматынын, Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын жана башка түзүмдөрдүн аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тартылды.

«Ыкчам алдын алуу иштери «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө» мыйзамдын негизинде жүргүзүлдү. Мобилдик топтор менен эл көп топтолгон жерлер — мейманканалар, түнкү клубдар, кафе-барлар текшерилди. ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 31 жаран Криминалдык милиция кызматына жана Ош ШИИБге профилактикалык сүйлөшүү үчүн жеткирилди. Анын арасында «Женго» каймана аттуу Кадыр Досонов да бар. Алардан бармак тагы алынып, сүрөткө тартылып, расмий эскертүү берилди. Ошондой эле ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары жазылган 35 жарандын жашаган жери текшерилди», — деп айтылат маалыматта.

Рейддин жүрүшүндө 59 кылмыштын бети ачылып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү У.М. бейбаштыкка шектелип кармалды. Ар кандай кылмыштар үчүн издөөгө алынган 4 шектүү кармалып, дайынсыз жоголгон 2 адамдын дареги аныкталды. Мындан тышкары ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана баңгизатты мыйзамсыз айланткандарды аныктоо боюнча иш-чаралар уюштурулду.

«Бул чаралар уюшкан кылмыштуу топтордун иш-аракеттерине бөгөт коюу, оор жана өтө оор кылмыштар үчүн издөөдө жүргөн жарандарды аныктоо максатында аткарылды.

Иш-чаранын алкагында 6 мас айдоочу кармалды. Мындан тышкары айнеги караңгылатылган 22 унаа токтотулду. Учурда уюшкан кылмыштуу топтордун иш-аракетине бөгөт коюу боюнча иш-чаралар уланып жатат», — деп айтылат маалыматта

Количество просмотров: 7174