• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Оштогу төрөт үйүнө медициналык жабдуулар берилди

24 Жалган куран 2022 9:45 Бишкек Govori.TV

Ноокат районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун амбулатордук-диагностикалык борборуна IT жабдуулар берилди. Долбоордун жалпы бюджети 3,5 млн долларды түздү.

Маалыматка караганда, Ноокат жалпы дарыгерлер борбору 300 миң калкы бар Ноокат районун тейлейт, төрөт бөлүмү жылына 5 миңден ашык төрөттү кабыл алат.

ЮНИСЕФтин «Эне менен баланын саламаттыгын коргоо системасын бекемдөө» долбоорунун алкагында төрөт бөлүмүнүн кабыл алуу бөлүмү, суу менен камсыздоо жана санитария системасы, төрөт бөлүмүндөгү аба алмашуу системасы оңдолуп, оптимизацияланган.

Ошондой эле «Медигос» жана «Барын» амбулатордук-диагностикалык борборлорунда телемедициналык ыкмалар жана кенже курактагы балдарды үйүнөн кароо сыналды. Бул ыкмалардын киргизилиши жаңы төрөлгөн ымыркайлар, балдар жана энелер үчүн квалификациялуу медициналык кеп-кеңеш берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жардам берет. Телемедициналык ыкмалар үй-бүлөнүн жашаган жерине карабай баланын саламаттыгы боюнча өз убагында кеп-кеңеш алышын камсыздайт.

«Пилоттук Ноокат жана Сузак райондорунда үй-бүлөлүк дарыргерлер тобунун 100дөн ашык дарыгери телемедицина боюнча базалык окуудан өттү, алар телемедицина жана анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билим алышты. 2021-жылдын октябрынан тарта 2020-жылдын мартына чейин бул эки райондо 96 бала телемедициналык кеп-кеңеш берүү менен камтылды. Бул эки пилоттук райондо кенже курактагы балдарды үйүнөн кароонун универсалдуу модели киргизилди. Пилоттук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медициналык кызматкерлеринин 85%ы кенже курактагы балдарды үйүнөн кароону өздөштүрдү. Бул моделдин максаты – үй-бүлөдөгү тобокелдик факторлорун эрте аныктоо, бала толук кандуу өнүгүшү үчүн коопсуз чөйрөнү камсыздоо. Модель сыналган убакыт аралыгында медкызматкерлер 20 000ден ашык ымыркайды үйүнө барып караган»,-деди баланы үйдөн кароо боюнча эксперт Гульмира Нажимидинова.

Ошондой эле Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарына ымыркайлардын өмүрүн сактоо үчүн жаңы медициналык жабдуулар берилген. Оорукана жылына 8 миңден ашык төрөттү кабыл алат.

Количество просмотров: 102