• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Оштон жоголгон кыз Бишкектен табылды

20 Чын куран 202115:48 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Өзгөн районунда жоголгон кыз Бишкектен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Жумабек жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жашы жете элек кыз жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

«Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2007-жылы туулган У.Н. аттуу кыз болгон. Ал 12-апрель күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы үйлөрдүн биринен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, ички иштер органдары тарабынан изделип жатканы аныкталган. Кыз туугандарына өткөрүп берүү үчүн Свердлов РИИБине жеткирилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 127