• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Оштун 32 жаштагы тургуну 4-кабатынан секирип кетти

21 Кулжа 201914:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.06.2019.Govori.TV.

Кечээ, 20-июнда Ош шаарынын 32 жаштагы тургуну көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан секирип кетип жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 23:20 чамасында Курманжан датка көчөсүндө болгон. Шаардын 1987-жылы туулган тургуну А.А. 4-кабаттан секирип, 1-кабатта жайгашкан оорукананын чатырына кулап түшүп, бутун кокустатып алган. ӨКМдин куткаруучулары жерине барып, аны чатырдан алып түшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда абалы канааттандырарлык.

Количество просмотров: 13