Ош шаарынын мэринин орун басары Исаев Марс базардагы жагдай боюнча элге, соодагерлерге төмөнкүлөрдү айтты. Учурда борбордук базар ачык. Соода кылууга тоскоолдук жок. Базардын ичиндеги соода түйүндөрүнө кирген селдин кесепетинен пайда болгон таштандылар, ылайлар тазаланып берилген.
Бүгүнкү күндө селдин нугун буруп базарга ашып кетүүсүнө негиз болгон базардын тегерегиндеги мыйзамсыз курулган көпүрөлөр, бетон тосмолор гана бузуп алып салынууда. Анткени, кайрадан сел келип кырсык болуп кетпейт деген кепилдик жок. Мэрия адам өмүрүнө жана коопсуздугуна жоопкер катары кырсыктын алдын алууга милдеттүү.
Ал эми жаңы базар эки ай аралыгында толук курулуп бүтүп, борбордук базар жаңы муниципалдык базарга чыгарылат.
Андыктан жаңы муниципалдык базар бүткөнгө чейин соодаңыздарды жүргүзө берсеңиздер болот.