Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов кичи ажылыктан келип обсервацияга алынгандарды көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлери да обсервацияга жаткырылганын билдирди.
Анын айтымында, ички иштер органдары 13-14-15-март күндөрү кичи ажылыктан келип чектөөгө алынгандарды көзөмөлдөп, нөөмөттө турган.
«Милиция кызматкерлери нөөмөттө күнү-түнү турушкан. Бирок, илдетке шектелип жаткандар менен түздөн-түз байланышта болгон эмес. Жакын байланыш боло турган болсо, анда атайын «милиция» деп жазылышы бар коргонуучу кийимдерди кийиши керектелет. Бирок, кандай болгон күндө да нөөмөттө турган бардык күч органдары 14 күндүк текшерүүдөн өтөт», — дейт комендант.
Нурдинов белгилегендей, кооптонуунун кереги жок, эгер абал турукташып калса бардык укук коргоо органдары 3 күндөн тарта 14 күнгө чейин медкызматкерлердин сунушуна ылайык текшерилип, анан үй-бүлөлөрүнө кое берилет.
Эскерте кетсек, Ошто коменданттык саатты бузган 12 жаран кармалды. 5-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 147ге жетти. Алардын ичинен тогуз адам айыккан жана илдетти жуктуруп алган 61 жаштагы адам каза болду.