• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Оштун мэри калаа жашоочулары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту 

20 Бирдин айы 2024 10:12 Бишкек Govori.TV

Мэр Бакытбек Жетигеновдун Ош шаарынын «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда 2023-жылы аймактык башкармалыкта аткарылган жумуштар жана элден келип түшкөн кайрылуулардын негизинде аткарылган жумуштар боюнча жетекчинин маалыматы угулду. Анын негизинде жашоочулар аймакта орун алган айрым көйгөйлүү маселелер боюнча өздөрүнүн суроолорун беришти.

Алсак, аймакта айрым көчөлөрдө жолдорду асфальттоо, тротуарларды, мектептерде жаңы туалеттерди куруу, балдарга ысык тамактарды, муниципалдык маршруттук каттамдардын санын көбөйтүү, канализацияга коштуруу, көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы мыйзамсыз курулуштарга чара көрүү, экология, жол тыгынын алдын алуу жана жоюу маселелерин көтөрүштү.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жарандардын кайрылууларына жооп берүү менен бирге айтылган маселелер боюнча жерине барып, жакындан өзү таанышып, келээрин билдирди.

Ошондой эле, жыйында көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди

Количество просмотров: 49