Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Кыргызстанга келди. Ал чогулгандардын алдына келип сөз сүйлөп, ынтымакка чакырды.
Мырзакматов жеке самолёт менен учуп келген. Аны аэропорттон бир нече жолтандабас менен келген тарапташтары тосуп алган.
Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов өзүн мэр деп жарыялаган.
Бирок учурда Мырзакматовду дал ушул орунга сунуштап аянтта миңдеген тарапташтары күтүп турат.