Шаардык кеңештин жыйынында жаңы мэр Сарыбашев шаарды өнүктүрүү боюнча өз программасын депутаттарга сунуш кылып, э.
Мындан сырткары ал шаардык казынадагы көмүскө каражаттарды ачыкка чыгаруу, бала бакча, мектеп тартыштыгын чечүү менен билим берүүнүн деңгээлин көтөрүүнү башкы максаты катары белгиледи.
Эске сала кетсек, 9-июлда көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, “Бир Бол” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары бир добуштан Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашевди сунуштаган.
Ал эми Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев 3-июлда башка кызматка өткөнүнө байланыштуу ишин тапшырып берген.
В Оше выбирают мэра города. Единственный кандидат — Таалай Сарыбашев. Он действующий полпред правительства в Ошской области. pic.twitter.com/W1idhRWr41
— Радио Азаттык (@AzattykMedia) July 18, 2018
Сарыбашев Таалайбек Насирбекович 1971-жылы Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юриспруденция адистигин аяктаган.
1989-1991-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1989-жылы — Алай районундагы автобазада слесарь;
1991-2008-жылдары — сатуучу, базардын директору, жеке ишканада эсепчи;
2008-жылы — Алай райондук кеңешинин депутаты;
2012-2015-жылдары — Алай райондук администрациясынын башчысы;
2015-жылдан баштап өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келген.
Видео:Азаттык