«»Кумтөр» кылымдык афера деп айтып келе жатпайбызбы. Мунун да ошонун негизинде кароо керек да. Алгач ошол 16 миң гектар жер эмне болгон жер экенин аныктоо керек. Бул жер корук болгон соң өзгөчө корголот. Мындай түшүнүксүз абалга өкмөт чекит коюу керек». Мындай пикирин саясий талдоочу Каныбек Осмоналиев билдирди.