• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Осмонбек Артыкбаев ТЭЦ боюнча күнөөнү Сапар Исаковго оодарды (видео)

17 Бугу 2018 17:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.05.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев ЖЭБ чуусуна байланыштуу маселеде чечим кабыл алгандар эмес, аны аткаргандар айыпталып жатат деп эсептейт. Министрлик Сапар Исаковдун  Бишкек ТЭЦин модернизациялоо жөнүндө тапшырмасын аткарды. Бул тууралуу парламенттеги ТЭЦ боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатканда депутат Осмонбек Артыкбаев айтты.
Анын айтымында, ТЭЦтеги модернизация, ага корогон 386 млн. доллар боюнча аткаруучулар эмес жогору жактан буйрук бергендер жоопко тартылышы керек.
“ТЭЦти модернизациялоодо кимдер чечти, ушунда чоң маселе турат. Алар ишти аткаргандар эмес, алар чечим кабыл алууга укуктуу болгондор. Тилекке каршы, азыр тапшырма бергендерди эмес, болгону аткаруучуларды күнөөлөп жатышат. Алардын негизинде министрлик өзүнүн жумушун аткарды. Ал тургай менин туугандарым мени чын эле ууру болгондугумду сурап жатышат. Мен бул ишке тиешем болбогонумду далилдейм”,-деди ал.
Артыкбаев тергөө жана башка органдар тактап, ким чечкенин аныктап, чекит коет деп кошумчалады.
«Сапар Жумакадырович айтып жатпайбы: “Мен жөн эле маалымат катары жазгамын”, деп. Ошол жерде суранып “Тапшырма бериңиз энергетика министрине, тапшырма бериңиз каржы министрлигине, ТИМге, башка министрликтерге ушуну аткарсын деп тапшырма бериңиз” деп жатат. Ошол тапшырманын негизинде министрликтер андан ары иш жүргүзгөн»,- дейт Артыкбаев
Эске сала кетсек, ТЭЦтин модернизацияланышы боюнча долбоор башталган кезде ал энергетика жана өнөр жай министри болуп иштеген.

Количество просмотров: 41