• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Осмонбек Артыкбаев операциядан кийин УКМКнын тергөө жайына жөнөтүлдү

23 Теке 201813:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.07.2018. Govori.TV
Экс-министр Осмонбек Артыкбаев Улуттук кардиологиялык борбордо операция болуп, айыгып чыккан соң кайрадан УКМКнын тергөө абагына жөнөтүлдү. Бул тууралуу өздүк булактарыбыз билдирди.
Анда белгилүү болгондой, жүрөк дартынан жабыркап, кан басымы көтөрүлүп, оор ахыбалга келген Осмонбек Артыкбаевге ооруканада операция жасалып, тиешелүү дарылоо жүргөн. Натыйжада,  анын денсоолугу өз калыбына келип, УКМКнын тергөө жайына кайрадан соттук териштирүү аяктаганга чейин жеткирилген.
Эске сала кетсек, ал Бишкек ЖЭБин модернизациялооо боюнча жемкорлукка айыпталып, камакка алынган. Анын жактоочусу Айжан Орозакунова Артыкбаевдин бул чуулгандуу иште жемкорлукка тиешеси жоктугун, ал жогору жактын буйруктарын гана аткарып келгенин, соттук териштирүүлөрдө ал бардыгын ачык, так  айтып жатканын билдирүүдө.

 

Количество просмотров: 12