Энергетиканын экс-министри Оcмонбек Артыкбаевди сот залына майыптар коляскасында алып келишти. Бул маселе коомчулукта талкуу жараттын.
Кошумчалай кетсек, ага дарыгерлер жогорку рисктеги экинчи баскычтагы гипертониялык оору, биринчи жана экинчи баскычтагы стенокардия (жүрөк), аорта атеросклерозу, өнөкөт өпкө оорусу деген диогноз коюшканы маалым.
Эске салсак, 28-октябрда ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишине байланыштуу соттук отурум болгон.
Бул кылмыш иштин алкагында мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов былтыр камакка алынган.