• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Осмонов мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

13 Жалган куран 202415:10 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынынын күн тартибинин долбоорунда айтылат.

Маалыматка ылайык, Айбек Осмонов депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыз берген.

Эске салсак, 15-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыялаган. Анда пикирин билдирген эксперт, саясат талдоочулар мафия аталып, издөөгө алынган адамдын жакындары парламентте отурбаш керек деген жүйө келтиришкен.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы бажычы Абдывахаб Боронбаев 14-февралда мандатын тапшыргандан кийин Райымбек Матраимовго байланышы бар делген башка эл өкүлдөрү боюнча маселе көтөрүлүп, өзгөчө төрт-беш депутаттын ысымы ачык айтыла баштаган.

Кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго байланышы бар делген Жогорку Кеңештин айрым депутаттары аны менен эч кандай байланышы болбогонун айтып чыгышууда.

Ал эми 22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Количество просмотров: 75