• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Оторбаева «24.kg» агенттигинин ээси эмне үчүн алмашканын айтты

19 Жалган куран 2024 18:29 Бишкек Govori.TV

24.kg маалымат агенттигинин мурдагы ээси жана директору Асел Оторбаева агенттиктин айланасындагы окуялар, жетекчилигинин алмашуусу тууралуу комментарий берип, соцтармактагы баракчасына билдирүү жазды.

«Кызматтан жана агенттиктен кетүү чечими бир жылдан ашык убакыт мурун кабыл алынган. Үй-бүлөлүк жана ден соолукка байланыштуу. Бул тууралуу биринчилерден болуп Махинур билген. Ага 24.kgни жетектөөнү сунуштадым. Махинур ойлонгонго убакыт сураган. Ал баш тарткан. Бул боюнча редакторлордун, жарнама бөлүмүнүн директорлордун маалыматы бар болчу. Үч вариантты карап жатканымды айткам. Эч кандай рейдерлик болгон жок. «Негиздөөчүлөрдүн» арасына Шерипбаева кантип кирип калганын Юстиция министрлиги менен тактап алам», — деп жазды ал.

Асел Оторбаева агенттиктин жаңы директору жана ээси Алмас Турдумаматов тууралуу оюн айтып, аны журналист катары көптөн бери тааный турганын, чогуу иштегенин, мамлекеттик органдар менен кызматташуу тажрыйбасы бар, эки тилдүү адис экенин белгилеген.

Сүйлөшүүлөр узак болгонуна токтолуп, согушту пропагандалоо боюнча айыптоо жана тинтүүлөр буга тоскоол болгонун билдирген. Бул маселелердин баары өзүнө гана тийиштүү экендигин, жаңы жетекчиге тиешеси жоктугун белгилеген.

Ошондой эле Оторбаева редакциялык саясатты өзгөртүү тууралуу сөз болбогонун, мындан ары болбойт деген ишеничин айткан.

24.kg агенттиги 15-мартта кайра каттоодон өтүп, анын ээси жана директору Гүлжан Шерипбаева болгону Юстиция министрлигинин сайтына 18-мартта жарыяланган.

19-мартта ушул эле сайтка 24.kg агенттигинин жетекчиси жана ээси Алмас Турдумаматов болгону тууралуу маалымат жарыяланды.

Количество просмотров: 300