59 жашында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин ардагери, медицина кызматынын отставкадагы полковниги Каримов Рустам Маликович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал 1960-жылы 2-февралда Ош областынын Ноокат районунун Киркол айылында туулган. Өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн Ички аскерлерге арнап, 1993-жылдан 2011-жылга чейин 702 аскер бөлүгүнүн эпидемиолог-дарыгери кызматынан тартып, Ички аскерлердин медициналык башкармалыгынын башчысы кызматына чейин жеткен. 2011-жылы жаш курагы келгенине байланыштуу ардактуу эс алууга чыккан. Ондон ашуун ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган. Саламаттык сактоо тармагына сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин Ардак грамотасы менен сыйланган. Үй-бүлөлүү жана 2 баланы тарбиялап келген.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги, өздүк курамы, Ардагерлер кеңеши жана Ички аскерлеринин Колбашчылыгы жана өздүк курамы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин ардагери, медицина кызматынын отставкадагы полковниги Каримов Рустам Маликовичтин үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Анын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин ардагеринин акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн Бишкек шаарынын “Ак-Өргө” жаңы конушунда өттү.