• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Отунбаева: Жээнбековго жардам берип, эки баштуу бийликти бирге жеңели

2 Жалган куран 2018 12:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.03.2018.Govori.TV
Экс-президент Роза Отунбаева Президент Сооронбай Жээнбековго жардам берип, эки баштуу бийлик кылып жаткандарды бирге жеңели деди.
«Президент коопсуздук кеңешин баштаганда эле кыргыз-тажик чегарасындагы аткезчилик жана казино тууралуу айтып баштады. Азыр чегарада, бажыда былык иштер толуп атат. Эсиңерде болсо Бекназаров менен Атамбаевдин 2010-жылы апрелдеги сөзүндө Матраимов тууралуу сөз болгон. Бекназаров Матраимовду алып салбаса болбойт деген. Ошол боюнча тынчыды, 6 жыл бою ошол түтүк керектүү жерге акчаны агызып жатты. Бүгүн мына кыргыз-тажик чегарасындагы аткезчиликти тазалаганга эрки жетеби? Биз экзамен катары көрөлү. Президент айтып атканда ал аткарылса туура болот эле.
«Барыбыз кошулбасак, бир муштумга бирикпесек эч нерсе чыкпайт. Азыр бийликти басып отурган эки баштуу бийликке алыбыз келбей жатат»,-деди экс-президент.
Количество просмотров: 12