Бишкекте «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтүп жатат.
Ага катышкан экс-президент Роза Отунбаева Уланбек Эгизбаев иликтеп кеткен иштер жаш журналисттерге үлгү боло турганын белгилеп, өлкөдө коррупцияны иликтөөгө алган журналисттер көп болушу керек экенин айтты. Отунбаева жаш журналисттерди Уланбектин ишин улантууга чакырды.
Сыйлык журналисттик мыкты иликтөөлөргө экинчи ирет берилүүдө.
Сыйлык ыйгаруу аземи «Журналисттик иликтөөнүн тажрыйбасы жана келечеги» аттуу медиа форумдун алкагында өтүп жатат.