• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Отунбаева: «Мекендештерди ар дайым колдоого даярбыз»

8 Баш оона 2018 13:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек.08.08.2018.Govori.TV.
Бүгүн мигрант биздин коомдо ким? Мигрант инвестор катары Кыргызстанга 7-млрд. сом которот.  Бул тууралу 8-августта Чолпон-Ата шаарында «Рух-Ордо» комплексинде өтүп жаткан «Мекендештер» форумунда, экс-президент Роза Отунбаева билдирди.
«Дүйнө жүзүнө 800 миңге чейин кыргыздар өз жеринен көчүп кетиптир. Бул болуп тура турган этап. Бул нерсени трагедия катары кароого болбойт. Тескерисинче ошол жактан жаңы коммуникациялык байланыштарды, демократияны үйрөнүп жатышат. Бул токтобогон агым болуп эсептелет. Биз аларга шарт түзүп берүүбүз негизги максат болуш керек.Бүгүнкү форумда көп жакшы ойлор айтылып жатат. Мен мигранттардын көп көйгөйлөрүн угуп жүрөм. Маселен, алар айтышат «Балдарыбыз кыргызча сүйлөбөй калды, кыргыз ырларын укпай калды»,- деп кабатыр болушууда. Биз ошолорго тилекке каршы китеп дагы жибере албай жатабыз. Иш жүзүндө алар үчүн эч нерсе кылып бербей жатабыз. Биздин мигранттар чындыгында өтө чоң кыйынчылыктар менен иштеп жүрүшөт»,- деди Отунбаева.
Роза Отунбаеванын айтымында, мигрант инвестор катары Кыргызстанга 7-млрд. сом которот, бир дагы ишкана мигранттар бергендей жардам бере албайт.
Ал ошондой эле үй-бүлөсүн багуу үчүн бөтөн жерде эмгек кылып жүргөндөрдү, ак эмгеги, маӊдай тери менен байлык топтоп, Кыргызстанга алып келгендерди, кайсы жерде жүрсө да, кыргыз деп түйшөлгөндөр, өз тагдырын Кыргызстанга тыгыз байлагандарды, ата-журттун өнүгүүсүнө салым кошууну эӊсеп, аны дайыма жүрөгүндө сактагандарды белгилеп өттү.
8-августта Чолпон-Ата шаарында «Рух-Ордо» комплексинде өтүп жаткан «Мекендештер» форумуна президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Көп жылдан бери мекендештердин байланышын камсыз кылып, жолугушуусун уюштуруп, баарын бириктирип жүргөн экс-президент Роза Отунбаевага, президент ыраазычылык билдирди.
Количество просмотров: 27