• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Отунбаева: «Жалаң эркектерди дайындаган өкмөт башчыга нааразыбыз»

7 Жалган куран 201910:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.03.2019. Govori.TV

Кыргызстанда жетектөөчү кызматтарга аялдар дайындалбай жатат. Мындай сын 6-мартта Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда өткөн форумда айтылды. Экс-президент Роза Отунбаева көп учурда Кыргызстандын жүзүп көрсөтүп, желегин аялдар көтөрүп жатканын белгиледи.

«Аймактык диалогдо кара түндөй болуп отурган эркектерди көрүп чочуп да кеттик. Эркек парламент келген учурда да мындай эмес эле. Форумга премьер-министр келсе анын көзүнө да айтат элем. Буйруктун, дайындоонун баары премьердин колунда. Ушундай позицияларга жалаң эркектерди дайындайт. Биз, аялдар абдан нааразыбыз»,-деди Отунбаева.

https://youtu.be/uYjqOs6zRXs
видео Азаттык

Аялдар маселесине арналган форумга чакырылган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, эркек депутаттар келген жок. Эл өкүлү Аида Касымалиева бул аялдардын маселесине эркектердин көңүл кош мамилесинин далили катары баалады.

Количество просмотров: 24