• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Отурасыңар былтыйып». Президент Жогорку соттун төрайымын сындады

24 Үчтүн айы 2020 11:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлүп, анда 2018-2019-жылдарга пландалган иш-чаралардын аткарылышы каралып жатат.

Анда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева  доклад окуду. Андан соң Президент сөз сүйлөп төрайымды жана жалпы сот системасын сынга алды.

Президент бир эле иш боюнча ар кайсы соттук инстанция ар башка чечим чыгарып жатканын белгилеп өттү.

«Мага сөз тийип жатпайбы! Мен жасагандай, тапшырма бергендей болуп жатат! А силер отурасынар баарыңар, былтыйып! Мына ушинтип элдин мамлекеттик бийликке ишеничи кетет. Көрүүнө жасалып, чара көрбөй жатасаңар. Эмне деген акмакчылык? Өзүңөр аралашсыңар! Башкы прокуратура, сот өзүңөр аралашсыңар, ошондуктан чара көрө албай жатасыңар», — деди Жээнбеков.

Эске салсак, Бишкектин Октябрь райондук соту быйыл 25-мартта Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айып пул салуу менен эркиндикке коё бергени белгилүү болгон. Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата шаардык соттун чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрылган.

Количество просмотров: 3563