• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

 Пакистан менен Бангладештин 45 жараны депортацияланды

25 Кулжа 202416:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан Пакистан жана Бангладештин 45 жараны депортацияланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусундагы Канаттуулар фабрикаларынын биринде КР визасынын мөөнөтү өтүп кеткендигине карабастан мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан 45 чет өлкөлүк жаранды (анын ичинен 12 Пакистан жана 33 Бангладеш жарандары) аныкталган.

Тартип бузгандар тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн КР Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп, андан соң Кыргызстандын чегинен тышкары депортацияланды.

Белгилей кетсек, УКМК терс кесепеттерге жол бербөө үчүн жеке жана юридикалык жактарды колдонуудагы миграциялык мыйзамдарды так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 121