• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Пакистандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

21 Бугу 202413:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Пакистандын ТИМ башчысы Астана шаарында өтүп жаткан ШКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны аяктаган соң Бишкекке жол тартат.

Бишкекте Мохаммад Исхак Дар Кыргызстандын медициналык мекемелеринде дарыланып жаткан пакистандык жарандарга барууга ниеттенүүдө.

Мындан тышкары, Пакистандын ТИМ башчысынын Кыргызстандын министрлер кабинетинин жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Количество просмотров: 57