Маалыматка ылайык, Кыргызстанга көчүп келгенден кийин памирлик кыргыздар эки наристелүү болушкан. Аларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилип, 4 миң сом өлчөмүндөгү сүйүнчү пул төлөнгөн.Белгилей кетсек, өлкөгө келген памирлик кыргыздар кайрылман иретинде күбөлүк алышкан. Ал эми жарандык алуу үчүн арыз жазып кайрылуусу жана президенттин жарлыгы чыгышы керек.