• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Пандемияга байланыштуу быйыл аба каттамдардын жүргүнчүлөрүнүн саны кескин азайды

26 Жетинин айы 2020 17:13 Бишкек Govori.TV

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл 9 айда аба каттамдардын жүргүнчүлөрүнүн саны кескин азайды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсы билдирет.

“Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын быйылкы жылдын 9 айындагы ишинин жыйынтыгы көрсөткөндөй аба каттамдардын жүргүнчүлөрүнүн саны 61,3 %га азайган.

Маселен, быйыл 9 айда аба каттам менен 1 млн 49 миң 667 жүргүнчү учуп келип-кеткен болсо, былтыр алардын саны 2 млн 714 миң 706ны түзгөн.

“Быйыл 9 айда эл аралык каттамдар боюнча 608 миң 380 жүргүнчү учуп келип-кетсе, былтыр 1 млн 846 миң 840 жүргүнчү болгон. Ички каттамдар менен быйыл 441 миң 287 жүргүнчү учса, былтыр алардын саны 867 миң 866 болгон”, — деп айтылат маалыматта.

“Манас” эл аралык аэропорту жүргүнчүлөрдүн санынын азайышы коронавирустан улам киргизилген чектөөлөргө байланыштуу экенин белгилейт.

“Үстүбүздөгү жылдын март айында КР өкмөтүнүн буйругу менен бардык ички жана эл аралык багыттагы аба каттамдар токтотулган. Гуманитардык жүктөрдү жеткирүү жана жарандарды эвакуациялоо үчүн гана каттамдар аткарылып турган”, — деп билдирет “Манас” эл аралык аэропорту.

Жай айларынан тарта аба каттамдар акырындан жанданып, июнда “Бишкек-Ош-Бишкек” багыты боюнча каттамдар жүргүзүлө баштаган. Август айынан тартып Бишкектен Түркия жана БАЭге, күз айларынан тартып Россия, Казакстан, Өзбекстанга айрым чектөөлөр менен аба каттамдар аткарыла баштаган.

Азыркы тапта «Манас» эл аралык аэропортунда Москва, Дубай, Стамбул, Алматы жана Ташкент сыяктуу эл аралык багыттагы, ошондой эле Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларына ички каттамдар аткарылып жатат.

Количество просмотров: 146