ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси кармалганын, аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМДин ички иликтөө кызматына Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Аламүдүн РИИБнин милиция кызматкерлерине чара көрүүнү суранган. Себеби, арыз ээсинин пайдасына маселени оң жагына чечип берем деп, 180 миң сом талап кылган. Милиция кызматкери жабырлануучудан 110 миң сом алып, бирок маселени чечпей, акчаны да бербей жүргөн.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Аламүдүн РИИБнин кызматкери кармалып, сурак учурунда алган каражатты өзүнүн жетекчиси А.У. аттуу милиция кызматкерине маселени чечип берүү үчүн бергендигин билдирген.
Тергөө амалдарынын алкагында Аламүдүн РИИБнин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы А.У. аттуу милиция кызматкери кармалды. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.