Улуттар аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, Мамлекеттик бажы кызматынын ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери жалпы суммасы 253 500 доллар болгон тамеки өндүрүшүнө бажы процедураларын мыйзамсыз жасоо менен Латвия Республикасынан Афганистан Республикасына өткөрүүгө аракет жасашкан.
«Бул факт боюнча 9-январь күнү Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча шектүү катары Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери — 1982-жылы туулган М.Б. кармалган. ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 30-январь күнү Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине ортомчулар аркылуу 65 000 долларды накталай берүү учурунда Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын жарандарынан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Алар — 1978-жылы туулган К.Д., 1972-жылы туулган Н.К., 1986-жылы туулган Ж.Н., 1974-жылы туулган Т.Н.
Ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кайра жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 5-февраль күнү Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине ортомчулар аркылуу 75 000 доллар берип жаткан учурда Беларусь Республикасынын С.Ю. атуу жараны кармалып, камакка алынды.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында улуттар аралык кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.