• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Пара менен кармалган Баткендин сот аткаруучусу Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди

25 Теке 201911:24 Бишкек Govori.TV

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын улук сот аткаруучусун пара менен кармады. Финансы полициясынын басма сөз кызматы кабаралагандай, ал 23-июлда колго түшкөн.

Ага каршы «М.С» аттуу жаран кайрылып, сот аткаруучу соттун чечими менен камактан чыгарылган кыймылсыз мүлктүн 10 пайыз үлүшүн (18 600 сом) талап кылганын, андан тышкары дагы 10 миң сом мыйзамсыз сураганын айтып, арызданган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү («Пара талап кылуу») боюнча каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Пара менен кармалган улук сот аткаруучу Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Количество просмотров: 13