• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Пара талап кылган тергөөчү 4 млн сом айып төлөйт

19 Бештин айы 20199:10 Бишкек Govori.TV

 Бишкек шаардык соту кылмыш ишти токтотуу үчүн 4 миң доллар талап кылган тергөөчүгө карата чыгарылган Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылды.

Соттун чечимине ылайык, Свердлов РИИБдин тергөөчүсү мамлекеттин пайдасына 4 млн сом төлөшү керек.

2018-жылдын 24-апрелинде Жыпар (К.Ж. аты-жөнү өзгөртүлдү) алдамчылыкка шектүү жарандарга карата козголгон кылмыш ишти өндүрүшкө кабыл алган. 18-майда ал үй камагына чыгарылган шектүүлөрдүн биринен ага жана анын агасына козголгон кылмыш ишти токтотуу үчүн 4 миң доллар талап кылган.

Шектүү тергөөчүнүн талаптарына макул болууга аргасыз болуп, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына кайрылган. Ал эми 23-майда тергөөчү Жыпар Свердлов РИИБден кылмыш үстүнөн кармалган

Количество просмотров: 74