• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Пара талап кылууга шектелип сот кармалды

27 Кулжа 2025 17:41 Бишкек Govori.TV

 Аламүдүн районунда пара талап кылганга шектелип сот кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

ИИМдин Тергөө кызматына С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда Аламүдүн райондук сотунун кызматкерлерине карата чара көрүүнү суранган. Арыздануучунун айтымында, алар андан иш боюнча оң чечим чыгаруу үчүн акча талап кылышкан.

Бул факты боюнча «Опузалап пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Аламүдүн райондук сотунда С.А. аттуу жаранга карата «Тоноо» беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча сот процесси учурунда соттолуучу С.А. төрагалык кылуучу сот Ж.Ш.Б.га сот процессин жылдыруу өтүнүчү менен кайрылган.

Ага Ж.Ш.Б. макул болуп, 30 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Мындан тышкары, Ж.Ш.Б. ишти оң жагынан чечүү үчүн соттолуучу С.А.дан 1000 доллар талап кылган. Жогорудагы талап кылынган акча каражаты сотко жеткирип берүү үчүн жаран Б.К.га берилген.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Б.К.нын үйүнөн сот Ж.Ш.Б.га бериле турган акчалар табылган. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча шектүү Б.К. Бишкекте убактылуу кармоочу жайга киргизилип, «Пара талап кылууга шериктештик» беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Мындан тышкары, КР Соттор кеңеши сот Ж.Ш.Б.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Натыйжада бүгүн Аламүдүн райондук сотунун соту 1982-жылы туулган Ж.Ш.Б. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 334