Бүгүн, 28-августта параолимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт. Бир аз мурун Кыргызстандын параолимпиадалык курама командасы Парижге барган.
Ачылыш аземи стадиондордон тышкары, Елисей талааларында да өтөт. 65 миңдей көрүүчү катышуучуларды салтанаттуу түрдө тосуп алышат.
Параолимпиада 8-сентябрга чейин өткөрүлөт. Спорттук мелдештерге 182 өлкөдөн 4400 спортчу катышат. 22 спорттун түрү боюнча беттештер 16 стадиондо өткөрүлөт. Жалпысынан 549 медаль комплекти ойнотулат.
Параолимпиада оюндарына Кыргызстандан Гүлназ Жүзбаева — жеңил атлетика, Айтунук Жоомарт кызы — триатлон, Маматибраим Суранов — дзюдо, Миргүл Болоталиева — пауэррлифтинг боюнча катышат.