• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Парижде «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун жетекчиси Кристоф Делуар көз жумду

9 Кулжа 202415:53 Бишкек Govori.TV

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун баш катчысы Кристоф Делуар ишембиде оорудан улам дүйнө салганы маалым болду. 53 жаштагы Делуар бул уюмду 12 жыл жетектеп турду.

Делуар Le Point жумалыгында саясий кабарчы жана иликтөөчү журналист болуп эмгек жолун баштаган. «Фламмарион» басылмасында редактор болуп эмгектенген. 2010-жылы Пантеон-Сорбонна университетинин Саясат таануу мектебинин башкаруучулар кеңешине кирген. Журналисттерди даярдоо борборунун директору болгон. 2012-жылдан тарта дүйнөдө сөз эркиндигинин чектелишине каршы күрөшкөн жана сөз эркиндигин коргоону максат кылган журналисттердин эл аралык бирикмеси – «Чек арасыз кабарчылар» уюмун жетектеп келди.

Делуардын жетекчилиги алдында уюм Лондондо, Рио-де-Жанейродо, Тайбэйде жана Жакартада өкүлчүлүктөрүн ачты. Учурда дүйнөнүн ар кайсы жеринде уюмдун 13 кеңсеси, 130 өлкөдө өкүлдөрү жана корреспонденттери бар. «Чек арасыз кабарчылардын» алдында санарип доорундагы демократияга кепилдик боюнча маселелерди караган атайын комиссия түзүлгөн.

Количество просмотров: 101