
Париждеги Олимпиадада спортчуларды тамактандырган ашкананын видеосу жарыяланды.

Буга чейин социалдык тармакта спортчулардын тамак-ашы жетишсиз делген маалыматтар тарап, Кыргызстандын Франциядагы ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Ниязга да дооматтар коюлуп, «элчи биз менен жарышып пост жазбай, спортчулардын тамак-ашын көзөмөлдөбөйбү, олимпиадалык комитет спорчуларыбыздын курсагы ач-тогун карабайбы» деген нааразы пикирлер айтылган.

Бул видеодон болсо, Олимпиада өтүп жаткан жерде мусулмандар үчүн атайын халал залдан бери уюштурулганы, витаминдүү делген тамактарга басым жаласалганын байкасаң болот. Кыскасы десерт, йогурттан баштап, балык, жер-жемиштерге чейин бар экенин көрүүгө болот.